Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Иранда Батыш маданиятына каршы улуттук өнөктүк башталды


Полиция ушул аптада “шайтандын” кийимин кийип жүрүшкөн деген жүйөө менен 49 адамды камакка алган. ИРНА расмий маалымат агенттигинин кабарлоосуна ылайык, мындай чара Ислам республикасында Батыш маданиятына каршы улуттук өнөктүктүн алкагында көрүлгөн. Ошондой эле 5 чачтарач жабылып, дагы 20га жакын чачтарачка “Батыштын стилинде чач жасалгаланбасын” деген эскертүү берилип, алар айып төлөшкөн.

XS
SM
MD
LG