Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

ЖК комитети коррупцияга бут тосту


КМШнын парламенттик ассамблеясынын демократияны өнүктүрүүгө байкоо салуу эл аралык институтунун Бишкектеги бөлүмүнүн директорунун орун басары кызматтан алынды. Буга Жогорку Кеңештин этика жана регламент комитетинин талабы негиз берди. Анткени, аталган институттун директору өз уулун орун басар кылып дайындап алган. Депутаттар мындай көрүнүш парламенттин беделин түшүрөт деп, КМШнын парламенттер аралык ассамблеяcына кат жазып, Кыргызстандын Эсептөө палатасына бөлүмдү текшерүү тапшырмасын берген. (BD)

XS
SM
MD
LG