Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Бүгүн бүткүл дүйнөдө адам укуктарынын күнү


Буга байланыштуу иш чара Бишкектеги тарых музейинде өтөт. Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Акыйкатчы институту стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыкты. Эл аралык эксперттер, аталган институттун адисттери, бейөкмөт уюмдардан тартылган адистер иштеп чыккан бул документке Акыйкатчы кечээ кол койду. Бул иш чарага Адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 60 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы, премьер-министр Игорь Чудинов, мамлекеттик катчы жана эл аралык, коомдук, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Бириккен улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясы 1948-жылы 10-декабрда Адам укуктары боюнча жалпы декларациясын кабыл алып, 1950-жылдан баштап бул күн расмий белгиленип келет. (AJ)

XS
SM
MD
LG