Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Арстанбаптыктар айыл өкмөтүнө нааразы


Бүгүн Базаркоргон районунан Жалалабат облбийлигине даттанып келишкен он киши губернатор менен жолугушууну чечишкен. Облбашчы кызмат сапарында жүргөндүктөн алар Кошбай Масиров менен учураша алышкан жок. Даттангандар ишине ичи чыкпаган Арстанбап айыл өкмөт башчысын кызматтан алууну жана андагы токой чарба деректирин тынымсыз текшерүүлөрдү токтотууну талап кылышты. Чарба үч айдан бери текшерилсе да, эки-үч киши жазган кайрылуулар аныкталбаганын, ал кишилердин токой салыктарын төлөбөгөнүнө эч ким көңүл бурбагандыгын белгилешти. Даттанып келгендер 12-декабрда кайра облбийликке келишерин эскертип, таркап кетишти. Облустук токой башкармасы Арстанбап токой чарба деректири өз кызматында иштөөсүн уланта берерин “Азаттыкка” билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG