Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

И.Жунусов: Жогорку Сот тазалана албайт


“Ак жол” фракциясынын мүчөсүнүн билдирүүсүнө караганда, Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева сотторду тазалай албайт. Анткени ал өзү мыйзамды сактабаган көптөгөн сотторду коргоп келатат. Депутат мисал катары Ош, Кара-Суу районундагы сульялардын мыйзамсыз иштерин, алар боюнча жазылган каттарды атады. Депутат Санжар Кыдыралиев болсо Абдугапар Үсөновду судьялыктан бошотуу максаты Үсөнов менен Жаңыл Алиеванын жеке чатагына байланыштуу келип чыкканын билдирди.Анын маалыматы боюча, эки судья Ош облусундагы “Жаңы-Арык” тамеки заводунун 15% акциясына байланыштуу орток пикирге келе алган эмес.Үсөнов аны коомчулуктун пайдасына чечүүгө аракет жасаган. Ал эми депутат Бейшебек Акунов судьялар ар кандай күмөндөрдөн алыс болуш керектигин белгилөө менен Абдугапар Үсөновду кызматтан бошотууну жактады.(AiT)

XS
SM
MD
LG