Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

Афина шаарында алты күндөн бери башаламандыктар уланууда


Кечээ Грециянын Афина шаарында төрт миңге жакын студенттер полиция менен кагылышып, тартип коргоо кызматкерлери аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Ушул өңдүү башаламандыктар Грециянын башка шаарларында дагы орун алды. Жумуш таштоо менен башталган демонстрация 6-декабрда полиция өспүрүм баланы атып, өлтүргөндөн кийин, чыныгы тополоңго айланган. Профсоюздар консервативдик өкмөттүн экономикалык саясатына наарызылык билдирип, 24 сааттык иш таштоого чыгышкан болчу. Грециянын премьер-министри Костас Караманлис жарандардын мүлкүн коргоого убада берип, башаламандыктар учурунда талап-тонолгон дүкөндөрдүн ээлерине компенсация сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG