Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

“Ата Мекен” куугунтукту токтотуу талабы менен кол топтоо баштайт


“Ата Мекен” партиясынын жаштар жана аялдар канаты мекендештерине кайрылып, бийликтин мыйзамсыз өз атуулдарын куугунтукка алуусун токтотуу талабы менен кол коюуга чакырык таштады. Аталган партиянын басма сөз кызматынан маалыматына караганда “Ата мекенчилер” 19-декабрда Ош базарынын кире беришинде кол топтоо иш чарасын баштайт. Ошондой эле “Ата Мекен” партиясы Кыргызстанда бийликке сын айткан, оппозициялык көз караштагы атуулдарга болуп көрбөгөндөй одоно кысым жасалып жатканына элдин көңүл буруусун өтүнгөн. “Ата Мекен” буга, Ноокаттагы отузга чукул жаш жигиттерге “диний эстремисттик” жалаа жабылып узак мөөнөткө кесилишин, оппозициячыл саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун өзүнө жана анын уулуна кылмыш ишинин ачылышын, Ишенбай Кадырбековдун камакта жатышын, Э.Байсалов, Ө.Абдырахманов, Р.Жээнбеков, Б.Шерниязов жана башкалардын чет мамлекеттен саясий баш паанек алып кетишин, “Жашылдар" партиясынын кеңсесинин тинтүүгө алынышын, депутат Р.Шабатоев жана Б.Амиражановдун дайынсыз жоголушун мисалга келтирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG