Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Аймактарда да саясий кысым башталдыбы?


Москва районундагы нааразылык чара, 16-декабрь,2008-жыл.
Москва районундагы нааразылык чара, 16-декабрь,2008-жыл.

16-декабрда Чүйдүн Москва районунда электр энергиясына байланышкан нааразылык чарасы болгон эле. Кечээ райондук сот бул акцияны уюштургандардын бири Сапар Аргынбаевди 10 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды.

Ушул жуманын шейшемби күнү Москва районунда болгон нааразылык акциясына чыккандар электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүүнү токтотуу талабын билдиришкен эле. Анда сүйлөгөндөрдүн бири Баялы Саркулов энергетикалык каатчылыкка ириде бүгүнкү бийлик күнөөлү деп айткан:

- Бул каатчылык ишкерлерден баштап, карапайым адамдарга чейин болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты алып келди. Эмне себептен бийликте олтургандар ушул боло турган окуянын алдын алган эмес. Себеби алар энерго сектордун баарын банкротко учуратып, сатып, өзлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалангысы келип жатат.


Аталган нааразылык акциясы өткөндөн кийин мына ушул иш чаранын уюштуруучуларынын үстүнөн сотко арыз түшкөн. Себеби иш чара болоор алды райондук бийлик өкүлдөрү уюштуруучуларды өз иш бөлмөсүндө кабыл алышкан. Бирок сүйлөшүү учурунда эки ортодо кайым айтышуу болуп кеткен. Бул акцияны уюштуруучулардын бири Сапар Аргынбаев “ал күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чакырышты. Акимдин орун басары Жуман Орозалиев силер башка жактан келген акчаларды жабыш үчүн ушундай иш чараларды уюштуруп жатасыңар деген жалаа жаба баштады. Мен ага силер бийликте туруп ушундай ушактарды айтасыңар деп айткам”, - дейт.

Ал эми акимдин орун басары Жуман Орозалиев менен акциянын уюштуруучусу Сапар Аргынбаевдин ортосундагы пикир келишпестикти Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов төмөндөгүдөй сыпаттайт.

- Нааразылык акциясын уюштургандардын бири акимдин биринчи орун басары Жуман Орозалиевди өз иш бөлмөсүндө жакалап, столду муштуму менен койгулаган. Бул туурасында Ж.Орозалиевдин өзүнөн уктум. Бирок ошол нааразылык акциясына чыккандар чогулуп кыйкырса эле абал оңолуп кетпейт да. Эгер оңолуп кетсе мен дагы чыкмакмын алар менен. Кичине сабырдуу болуп турууга чакырам. Бул бир гана биздин аймакта болгон маселе эмес.


Тактап айтканда, кечээ мына ушул негизде нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Сапар Аргынбаевди он күнгө камакка алуу туурасында райондук соттун чечими чыкты. Нааразылык акциянын башка катышуучуларына болсо мыйзамсыз аракеттерди жасабоо туурасында эскертүүлөр берилген. Учурда Сапар Аргынбаевдин адвокаты райондук соттун чечими туура эмес деп, облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылууда.

Ал эми райондогу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү муну түздөн-түз жергиликтүү лидерлерге болгон саясий кысым катары баалап жатышат. Саясат талдоочулардын бири Марс Сариев болсо аймактагы бул абал туурасында мындай пикирде:

- Жергиликтүү бийлик нааразылык акциясына чыккандардын ого бетер кыжырын келтирип камап жатканы туура эмес. Тескерисинче муну менен алар оппозицияык маанайдагы адамдардын катарын көбөйтөт. Ал эми жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын лидерлери дагы азырынча сабырдуулукту кармоосу зарыл. Себеби бардык абал белгилүү, өлкөгө азыр тынчтык гана керек болуп турат. Андыктан өкмөт менен эл түшүнүшүү жолун гана тандап алуусу керек.

Ошол эле учурда Чүй аймагындагы бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү 22-декабрда электр энергиясына байланыштуу дагы бир нааразылык чарасын уюштураарын билдиришүүдө.


XS
SM
MD
LG