Жалал-Абат облустук бийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Бишкектен түштүк аймактарга чыккан 11 журналист кечээ жол кырсыгына учурады, деген маалыматтар туура эмес. Алар бүгүн КамбарАта-2 гидротүйүнүндө болушту. Эртең Аяз аталардын фестивалына катышуу үчүн Ош облусуна жөнөп кетишмекчи. Айрым маалымат каражаттары Каракулжа районуна бараткан чакан автобус Ош-Бишкек жолунда ала салып, аңтарылып кеткендигин, унаада НТС, “Мир» сыналгыларынын кызматкерлери болушканын жазып чыгышкан. (YA)