Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Рим папасы Нуралыктарга 25 миң доллар жардам жиберди


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Рим папасы Венедикт XIV жер титирөөдөн жабыркаган Нуралыктарга 25 миң доллар жардам жибергени тууралуу Ватикандан келген атайын катта маалымдалган. Анда ошондой эле Рим папасы жөнөтүлгөн жардамдын кандай максатта жумшалгандыгы тууралуу билдирип коюусун кыргыз бийлигинен өтүнгөн.

Алай районунун Нура айлында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө 5-октябрда болуп, андан 70тен ашуун адам каза тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG