Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

2008: "Бир кылымда бир болуучу" каржы кризиси каптады


2008-жыл каржы кризиси чындап глобалдык масштабада жайылган, экономикасы эң кубаттуу деп эсептелген АКШ, Жапония, Европа өлкөлөрүн бир убакта Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи рецессияга кириптер кылган жыл болду.

Кризис Кошмо Штаттардан тутанды. Экономикадагы жамандыктын баштапкы белгиси биринчи ирээт 2007-жылдын августунда эле байкалган болчу. Ал эми аяктаган жылдын январь айында АКШ бийликтери экономика жаңы кан жүгүртүүгө муктаж экенин моюнга алышкан. Анда Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш мындай деген эле:

- Биз фундаменталдык жактан кубаттуу экономиканы кармаш үчүн колго ийне сайып койо алабыз жана бул экономиканын турак-жай базары өңдүү оңдоодон өтүп жаткан башка секторлоруна жардам берип, биздин экономиканын башка чөйрөлөрүнө терс таасири тийүүсүнөн сактайт.

Тилекке каршы АКШ жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү үчүн турак-жай базарындагы өзгөрүүлөрдүн терс кесепети таң каларлык болду. Кризистин тамыры базардын ушул базалык чөйрөсүндө эле. Турак-жай сатып алуу үчүн насыяны төлөө жөндөмдүүлүгүнө карабай ушунчалык көп адам алган. Алар карызын кайтара албай калган кезде, карыз берген тараптар: банктар менен кредиттик компаниялар кыйрай баштады.

Каржы мекемелеринин мындай абалга кириптер болушу алардын бизнеске жана бири-экинчисине карыз берүүдөн баш тарттырды. Карыз алуудагы кыйынчылыктар өз кезегинде ишкерлер менен жеке адамдардын, компанияларды жүгүртүүчү каражатсыз калтырып, алардын ишин оорлотту.

2008-жылдын март айынан октябрына чейинки мезгилдин аралыгында Кошмо Штаттарда кредиттик мекеме, инвестициялык банк, камсыздандыруу же баалуу кагаздар менен алектенген компаниялардын онго жакыны кыйрады, менчик ээсин алмаштырды же мамлекеттин куткаруу планы аркасында акцияларынын бир бөлүгү өкмөттүн колуна өттү.

Жыл соңуна карата АКШ өкмөтүнүн куткаруу чаралары үчүн короткон чыгымы 8,5 триллионго бааланды. Ал эми АКШнын башкы биржасы Уолл-Стритте жана дүйнөнүн биржаларында баалуу кагаздардын триллиондогон доллардык наркы жуулуп кетти. Декабрда АКШ экономикасы бир жылдан бери рецессияда экени ырасталды.

АКШда Улуттук банк катары эсептелген Федералдык резерв системасынын көп жылдар бою башкарган өтө тажрыйбалуу финансист Аллан Гриспен сентябрда аяктаган жылдагы кризисти кылымда бир келүүчү кризис катары сыпаттаган:

- Мен кылымда бир болуучу каржылык кризис реалдуу экономикага глобалдык маанидеги олуттуу таасирсиз өтпөсүнө ишене албайм. Менимче, албетте, бул жараян азыр жүрүүдө. Мунай жана азык-түлүк баасынын төмөндөөсү өңдүү позитивдүү көрүнүштөр да бар. Инфляциянын кыска мөөнөткө болсо да ылдыйлоосу, бизди турукташтырууга жетиштүү болушу мүмкүн. Мен ушундай болсо кубанат элем.

Атлантиканын берки өйүзүнө - Европага кризис сентябрь айынын соңуна барып жайылды. Кредиттик мекемелерди, камсыздандыруу компанияларын улутташтыруу жараяндары Британияда, Бельгияда, Люксембургда, Нидерландияда орун алды.

Октябрь айында дүйнөнүн эң бай он мамлекетинин бири деп эсептелген Исландиянын банк системасы кыйрады, өлкө Эл аралык валюта корунан насыя суроого аргасыз болду. Кризис өнүккөн өлкөлөрдөн өнүгүп келе жаткандарды көздөй да тарап, валюта корунан карыз алгандар тизмесине Венгрия, Латвия, Украина, Беларус, Пакистан өңдүү мамлекеттер да кирди.

Франциянын президенти Николя Саркози сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө 2008-жылдагы кризисти дүйнө 1930-жылдардан бери биринчи ирээт туш болгон эң ири каржылык коркунуч катары баалады жана бул үчүн жоопкерчиликсиз финансисттерди айыптаган:

- Экономикалык рынок эки түшүнүктүн: эркиндик менен жоопкерчиликтин айланасында иштейт. Жалпы рынокту мына ушул нерселер түзөт. Жоопкерчиликсиз эркиндик эмнеге алып барат? Ал кайсыл жерден аяктарын биз бүгүн көрүп жатабыз. Бул кризис капитализм жалпы рыноктун механизминен оолактап кеткенинен улам өрчүдү. Өндүрүшкө көңүл бургандын ордуна, тескерисинче чайкоочулук менен алектенип кеткен.

Октябрда Орусиянын баалуу кагаздар базары дүрбөлөңгө түшүп, соода бир нече ирээт токтоду. Премьер- министр Владимир Путин АКШны "жоопкерсиздиги" үчүн күнөөлөсө, президент Дмитрий Медведев каржы кризисин бир доордун бүтүшү катары мүнөздөдү:

- Бир экономика жана бир валюта үстөмдүк кылган мезгил артка кайткыс болуп узады.

Валюта демекчи Орусиянын улуттук акчасы рубль аяктаган жылы нарксызданып, декабрдын соңунда анын еврого карата курсу рекорддук чекке арзандады. Адистер мунун бир себеби өлкө экономикасынын негизги кирешеси катары эсептелген мунай баасынын арзандоосуна, өлкөдөн капиталдын сыртка кетүүсүнө байланыштырышат. Кара майдын бир баррелинин баасы июлда 147 дооларга чаап барды эле, декабрдын соңунда 45 долларга да жетпей калды.

Каржы кризиси дүйнөнүн автомобиль өндүрүүчүлөрүн да кыйчалыш, атүгүл банкротко кабылчудай абалга кептеди. Автомобиль чыгаруучу компаниялардын дээлик баары продукциясына суроо-талап басаңдагандыктан өндүрүштүн көлөмүн азайтууга аргасыз болушту.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG