Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүлөрдүн максаты эмне?


Бармакка сыя басууну депутаттар адам укугун бузуу катары мыйзамдан алып салышты.
Бармакка сыя басууну депутаттар адам укугун бузуу катары мыйзамдан алып салышты.

Жыл этегинде Жогорку Кеңеш “Шайлоо Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, жарандар эми добуш берүүгө айдоочунун күбөлүгү менен да катыша алат. Баш бармакка сыя басуу алынып салынды жана шайлоо мурдагыдай дем алыш күндөрү эмес, иш күндөрү болот.

Парламент депутаттарынын белгилешинче, шайлоону таза өткөрүү максатында киргизилген бармакка сыя басуу ыкмасы күтүлгөн натыйжаны бере алган жок. Кыргызстанда баш бармакка сыя басуу эл аралык уюмдардын демилгеси менен 2004-жылы киргизилген.

- Бармакка сыя басуунун алынып салынышы туура. Себеп дегенде, бармакка белги коюп, бир нерсени чачыратып адамдардын укугу бузулуп жатат да,- деди Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаков.

Мыйзамга ошондой эле шайлоо дем алыш күнү эмес, иш күнү өткөрүлсүн деген өзгөртүү киргизилген. Бейшенбек Абдрасаковдун айтымында, шайлоону дем алыш күндөн иш күнүнө которуу да эң туура:

-Анткени баш мыйзамда ар бир жарандын базар күнү эс алууга укугу бар деп жазылган. Ал эми биз болсо шайлоо болгондо өзүбүздүн атуулдук милдетибизди аткаруу үчүн албетте шайлоого барып жатпайбызбы. Башка мамлекеттерде деле ушундай.

Анткен менен мындай мыйзамдык жобо жарандык коом өкүлдөрү арасында талаш, сын-пикирлерди туудурууда. Маселен, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунованын баамында, Шайлоо Кодекске ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бийлик алдыдагы президенттик шайлоого даярдык көрүп жатат:

-Оюндун эрежелерин “Ак жол” түзүп жатат. Мындай эрежелер менен башка бир дагы оппозициячыл саясатчы же партия бийликке кире албайт. Булар президенттик шайлоого даярданып жатышат. Азыркы даярдалып жаткан эрежелер, сунуштар, өзгөрүүлөр президенттик шайлоону өздөрүнүн пайдасына өткөрүү максатында болуп жатат. Кыскасы, бийлик өзүнүн бийлигин бергиси келбей жатат.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов да мыйзам долбоорундагы айрым өзгөртүү, толуктоолор алдыдагы шайлоолордо ар кандай бурмалоо, мыйзам бузууларга жол ачуу үчүн гана жасалып жатат деген көз карашта. Ал депутаттар колдоого алган сунуштарды демократиялык принциптерден артка чегинүү катары кабыл алаарын айтты:

-Шайлоо учурунда ар кандай мыйзам бузуу, бурмалоолор оңой болушу үчүн жол ачып жатышат. Тилекке каршы, бүгүнкү бийлик демократия жолунан тайып, артка-авторитардык режимге кадам салып жатат. Эмки шайлоо абдан татаал, курч өтөт. Бийлик ошого даярданып жатат.

Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолрду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышы коомчулукта мына ушундай пикрлерди жаратууда.

Ошентсе да “акжолчу” депутат Б.Абдрасаков оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрүнүн мындай сын пикирлери негизсиз деп эсептейт:

-Шайлоо жакын калганда ушинтип айта беришет. Бирок бул келечекте керек. Бул демократияга болгон бир кадам деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG