Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Газадагы чабуулга каршы демонстрациялар өтүп жатат


Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Рамаллах шаарында миңдеген палестиндиктер демонстрацияга чыгышты. Алар жети күндөн бери Израиль Газага чабуул коюп жатканына нааразылык билдиришти. Буга чейин Палестинадагы куралдуу ХАМАС тобунун лидерлери Израилдин чабуулдарына нааразылык иретинде массалык демонстрацияларга чакырууда. Израиль анын аралыгында Иерусалимдин араптар басымдуулук кылган чыгыш тарабына миңдеген аскерлерин жайгаштырды. Жети күндөн бери Израиль Газага абадан сокку уруп келди. Чабуулдарда 400 палестиндик тургун набыт болгон, эки миңдей адам жаракат алды. ХАМАС болсо Израилге атып жаткан ракеталардан төрт адам мерт болгону айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG