Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Британияда бир канча террор актылары ишке ашкан эмес


Бул тууралуу өлкөнүн ички чалгын боюнча мекемеси- М 15тин башчысы Жонатан Эванс британ гезиттерине берген интервьюсунда билдирди. Британ чалгын мекемесинин башчысынын айтымында, акыркы 18 айда ийгиликтүү жүргүзүлгөн тергөө иштери ички террордук топторго алар тынчып калгыдай таасир берген. Бирок Жонатан Эванс белгилегендей, "ал-Каиданын" Пакистандагы лидерлеринин али Британияга кол салуу ниети жана муну жасоого мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG