Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Т.Какчекеев: Бакиев тегерегин тазалай баштады


"Өлкөдө президенттик шайлоо мөөнөтү жакындап калды. Учурдагы саясий, экономикалык кырдаалда мурунку командасы менен президент экинчи мөөнөткө өтпөй калуусу айгине нерсе. Андыктан Бакиев тегерегин тазалай баштады. Президент ыплас ишке катышы бар деп мурда көзгө көрүнгөн адамдарды иштен алып, анын ордуна жаш, тың жаңы көз караштагы адамдарды топтогусу келип жатат”, – деп билдирди "Азаттыкка" саясат тануучу Токтогул Какчекеев. Эки жарым жылдан бери президенттик администрацияны жетектеп келген Медет Садыркуловдун кызматтан кетүү арызын Бакиев канааттандырганы бүгүн эртең менен кабарланган.

Серепчи Токтогул Какчекеевдин божомолунда, Садыркуловго дипломатиялык кызмат орду сунушталышы мүмкүн. “Садыркуловдун саясий капиталы бар, эл аралык байланышы күчтүү. Андыктан ага Рина Приживойттун орду сунушталышы ажеп эмес. Андан башка Садыркуловго чак келчү кызмат жок. Бул киши чет жакка кетүүгө аракет кылат ”, – дейт саясат тануучу. Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Словакия жана Чехиядагы элчиси, Венадагы эл аралык уюмдарга жана ЕККУга Кыргызстандын туруктуу өкүлү Рина Приживойт өз арызына байланыштуу декабрдын этегинде кызматынан бошотулган. (EK)

XS
SM
MD
LG