Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүн прокуратура суракка алууда


Талас облустук прокуратурасы “Ата Мекен” партиясынын облустагы мүчөлөрүнө эскертүү берген. Ошол эле учурда Бишкек шаардык жана Биринчи Май райондук прокуратурасы да партиянын мүчөлөрүн чакырып, 17-18-январда Таласта өтөрү белгиленген жолугушуу тууралуу маалымат берүүсүн талап кылган. “Ата Мекен” партиясы прокуратура кызматкерлеринин бул аракеттерин мыйзам бузуу деп эсептейт. Маалыматта айтылгандай саясий партиялар мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп, тынч чогулууга укугу бардыгы мыйзам менен кепилденген. “Ак Жол” партиясынын жыйындары, жолугушуулары губернатор, аким, мэр сыяктуу мамлекеттик кызматкерлер тарабынан уюштурулуп жатканы –тескерисинче мыйзам бузууга жатат. Аларга эч кандай бут тосууларсыз эле түрдүү имараттар, аянттар жыйын өткөрүүгө берилет. Прокуратура бардык партияларга бирдей мамиле жасалуусун көзөмөлдөөнүн ордуна, тескерисинче аракет кылып жатканы түшүнүксүз,” деп белгилешет маалымат ээлери.(ZKo)


XS
SM
MD
LG