Кутурмага шектүү делген карышкырдын өлүгүн табуу үчүн ишке милиция кызматкерлери да тартылганын Баткен райондук ветеринардык башкармалыгынын башкы эпизотологу Кочкорбай Бердишев 14-январда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымына караганда, 12-январда Баткен районунун Кара-Булак айылында кишиге кол салган карышкырдын өлүгү анализ алуу үчүн лабораторияга алып келүүгө ветеринардык кызматтын алы келбеген. Себеби айылдыктар карышкырдын денесин тажик атуулдарына сатып жибергенбиз деп бербей коюшкан.
Ушул дүйшөмбүдө Кара-Булак айылынын 47 жаштагы тургуну Сыдык Абдыкадыровго айылдын борбордук көчөсүнөн жумушка бараткан мезгилде карышкыр кол салып, башын тиштөөгө аракеттенген. Ал колдорунан жана башынан жаракат алганына карабай карышкыр менен кармашып жатып өлтүргөн. (JsA)