Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

И.Исаков: АКШ базасын чыгарууга каршы


Базаны чыгарууга каршы пикирин коопсуздук кеңештин мурунку катчысы бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Исмаил Исаковдун айтымында, Манас аба майданына антитеррордук коалициянын күчтөрүн жайгаштыруу менен Кыргызстан террорго каршы күрөшкө салымын кошуп жатат. Анын үстүнө акыркы мезгилде Ооганстанда кырдаал курчуп, АКШнын жаңы президенти Барак Обама ал жерге кошумча аскер жиберүүнү көздөп жатат.Кыргызстан экинчи жактан базадан экономикалык пайда көрүп жатат, -деп белгиледи Исмаил Исаков. Президент Курманбек Бакиев Москвадан сапарынын алдында базаны чыгаруу боюнча жардыкка кол коет деген сөздөр маалымат каражаттарына чыгып кеткен эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG