Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Ошто “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнө куугунтук күчөдү


“Ата Мекен” партиясынын Ош облустук лидери Бактыбек Калмаматовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, саясий уюмдун Кара-Суу, ошондой эле Ноокат райондук төрөгалары Төлөгөн Келдибаевди жана Набижин Каримбердиевди соңку күндөрдө белгисиз кишилер “жолуңардан кайткыла, болбосо көзүңөрдү тазалайбыз”, - деп коркутуп-үркүтүп, а түгүл Төлөгөн Келдибаевди эки күн мурда токмоктоп да кетишкен. Мындан тышкары партиянын башка активдүү мүчөлөрүн да ачык опузалоо күчөдү. Ош облустук Ички иштер башкармалыгына кайрылсак, жогорудагы окуялар боюча маалымат берүүдөн баш тартышты.(ATo)

XS
SM
MD
LG