Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

А.Муралиев: Куугунтук күчөй берсе саясий кризиске тушугабыз


Таластагы соңку окуялар, жалпы эле өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна “Бирдиктүү Кыргызстан” саясий кыймылынын төрагасы, мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев жооп берди.

- Таластагы окуялар тууралуу маалыматыңыз бар чыгар. Жергиликтүү бийлик “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн иш-аракеттерин мыйзамсыз дешүүдө. Ал эми оппозиция муну жогорку бийликтин көрсөтмөсү катары баалашууда. Ушул окуянын чоо-жайын талдап кетсеңиз?

- Чынын айтканда бул мыйзамсыз иштер бийлик тарабына да , Конституцияга да, партиялар жөнүндө мыйзамдарга, адам укуктары боюнча мыйзамдарга да ылайыктуу эмес. Анткени азыр президенттик шайлоо жакындап атат. Эми саясий оюндар өзүнүн башталышын көрсөтүп атат. Мындайча айтканда, Акаевдин доорунда деле ушундай куугунтук болгон, Масалиевдин тобуна, айрым түштүк тараптагы партияларга. Азыр ошондой эле иштер уланууда. Бирок бул иштер маданияттуу түрдө уланбай, бийликтин куугунтуктарды көрсөтүүсү менен уланууда.

- Амангелди мырза, сөзүңүзгө аралжы, оппозиция лидерлери да акыркы кезде саясий куугунтук күн санап күч алып жатат деп билдирүүдө. Эгерде бийликтин аракеттери ушундай нукта улана берсе, анда кырдаал күчөшү мүмкүнбү?

- Саясий куугунтук бир жагынан оппозициянын кадыр-баркын көтөрүүчү иштер болуп атат бийлик тараптан. Турмуш оңолбосо, ушинтип күч органдардын күчү менен аргументтерди таба берсе, анда жөнөкөй эл тескери түшүнөт бийликтин мындай аракеттерин. Азыр менин оюм боюнча, бийлик бүгүнкү кырдаалды талдап, элге ачык-айкын айтыш керек эле дүйнөлүк финансылык кризистен кантип чыгабыз, энергетикалык кризистен кандай жолдор менен чыгабыз деп. Менчиктештирүү маселелерин токтотуп, ачык-айкын эл менен кеңешип иштеп берсе бир жөн эле. Бирок чындыкты куугунтукка салса, элдин көз карашы менен, пикири менен келишпесе анда сөзсүз саясий кризиске дуушар болобуз.

- Бирок ошол эле учурда айрым байкоочулар айтып жатышат, элдин нааразычылыгы деле күч албайт азыр, анткени эл оппозицияга да, бийликке да ишенбей калды деп. Сиз ушуга кошула аласызбы?

- Кыргыз элинен айланып кетсин ошондой эксперттер. Биздин элибиз маданият, саясий жагынан аябай өстү акыркы мезгилде, анан өзүнүн укуктарын даана билген эл болуп баратат. Процесстерди байкасаңар Латвияда, башка өлкөлөрдө, жалпы эле дүйнө жүзүндө болгон процесстердин баары үлгү. Илгерки совет элинин психологиясы жоюулуп атат деген көрсөткүч болуп атпайбы. Ошон үчүн элде чындык позиция сөзсүз түзүлөт, ар бир жаран өзүнүн укугун сөзсүз коргоого аракет кылат. Азыр мына энергетика маселесин алсак, биздин укуктарыбыз тебеленип-тепселенүүдө.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG