Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Талас: Оппозиция эскертүү алды


Кара-Буура райсоту “Ата Мекендин” төрагасы Ө.Текебаевге уруксатсыз митинг өткөрдү деген эскертүү берди. Бир күн мурда Манас райсоту партиянын Таластагы өкүлү К.Курманалиева менен "Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери А. Жекшенкуловго карата да ушундай эскертүү жасаган.

Райондун борбору Кызыл-Адыр айылындагы райондук соттун көчөсү МАИнин автоунаалары менен торолуп, тосулуп турду. Сотту Кара-Буура райондук сотунун төрагасы Медет Чокоев өзү төрагалык кылып алып барды.

17-январда жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери тарабынан тартылган видео тасманын үзүндүсү сотто көрсөтүлүп, айыптоочу Ондонбаев Өмүрбек Текебаев өзүнүн автоунаасынын үстүнө үндү катуу чыгаруучу аспапты колдонуп, бул митингге мурдатан даярданып келген деген айыпты далил катары көрсөтүүгө аракет кылды:

-“Жарандардын тынч куралсыз чогулуу, митингдерди эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү” мыйзамдын бешинчи беренесине ылайык, ал макулдашылган жерде гана гана өткөрүлөт деп көрсөтүлгөн. Жогоркуда көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат деп эскертилген. Мен Өмүрбек Чиркешовичке кайрылып мыйзамдын талаптарын түшүндүргөм. Бирок ага карабастан, Өмүрбек Чиркешович райондук прокурордун милдетин аткаруучуну көзгө илбестен, “мен сендейдин далайын көргөм” деп мени четке кагып койгон.

Сот жыйынтыгында Өмүрбек Текебаевге эскертүү берген чечим чыгарды. Өмүрбек Текебаев өз кезегинде сот чечимин тааныбай, каршылыгын билдирди.

Сот аяктап сыртка чыккандан кийин ЖКнын мурдагы депутаты Болот Шерниязов жана Өмүрбек Текебаев райондун акими Сартбек Эшалиевди ортого алып “Ата Мекен” партиясынын облустук конференциясын өткөзүүгө жай таап берип, уруксат берүүсүн суранышты. Бирок аким оң жооп кайтарбай, автоунаасына түшүп кетти.

18-январда Манас райондук соту түнкү саат он бир чамасында ушундай эле айыптоо боюнча ишти тезинен карап, оппозиция ишмерлери Аликбек Жекшенкулов менен “Ата Мекен” партиясынын Таластагы төрайымы Койсун Курманалиевага жыйынды мыйзамсыз өткөзгөндүгү үчүн эскертүү берген чечим чыгарган. Аликбек Жекшенкулов: “Өзүңөр билесиңер, мен конок катары баргамын, уюштурган эмесмин, элди чогулткан эмесмин, ошого карабай эскертүү берди”,- деп “Азаттыкка” билдирди.

Текебаевге каршы соттук дооматтар Таласта ушуну менен бүтпөйт. 17-январда Кара-Буура районунда милиция анын автоунаасынан ок атуучу куралдарды таап текшерүүгө алган. Ал куралдардын мыйзамдуу экендиги жөнүндө экспертизалык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча иш 10 күндүн ичинде сотто каралууга тийиш.

ИИМ бүгүнкү тараткан маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаевдин автоунаасынан «Blow compakt mod – 2002» №5-13608 маркасындагы газ менен дүрмөттөлгөн тапанча төрт дүрмөтү менен, «Escord» №064884 маркасындагы винчестер 12 калибрдеги алты огу менен, «Сайга – М» №04130626 маркасындагы карабин окчонтоюнда 7,62 мм. калибрдеги 23 огу менен кармалган. Учурда аталган куралдардын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатат.

Оппозициялык лидер Өмүрбек Текебаев з кезегинде анын автоунаасынан табылган курал-жарактар мыйзамга каршы келбейт деп билдирүүдө.

Талас жеринде оппозициянын лидерлерин кармап, тоскоолдук жасап, сотко сүйрөп жаткан окуяларга карата жергиликтүү эл айыптаган ой-пикирлерин бөлүшүүдө.

Кара-Буура районунун тургуну Элүүбай Отунчиев: “ Бул жагынан бийлик күч колдонуу аркылуу күчсүздүгүн көрсөтүүдө”.

Бакай-Ата районунун тургуну, баатыр эне Жамиля Токсонова: “Бул окуяларды мен бийликтин чыгаан балдарыбызга бут тосуусу деп билем”.



XS
SM
MD
LG