Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Кыргыз-тажик чек арасындагы келишпестиктер курчушу ыктымал


Мындай божомолун Социал-демократтар партиясынан шайланган депутат Мурат Жураев фракциянын бүгүнкү жыйынында билдирди. “Айрым божомолдорго караганда кыргыз-тажик чек арасында келишпестиктер көбөйүшү ыктымал. Анткени, эки өлкөнүн чек аралары так бөлүнгөн эмес”, - дейт М. Жураев. Депутаттын айтымында, негизги келишпестиктер таза суу бөлүштүрүүдөн келип чыгууда. Ал эми Чегара кызматынын жетекчиси Замир Молдошев тажик тарап талаш жерлерге суу сордургуч насосторду орнотуп алган учурлар да бар экенин айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG