Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Түркия: “Ким менен кандай мамиле түзүүнү өзүбүз чечебиз”


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын премьер министри Режеп Тайып Эрдоган өлкөсүнүн Евробиримдикке мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө дем берүү максатында ушул аптада Брюсселде иш сапары менен болду. Евробиримдиктин жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн чондонунда энергетика маселеси болгону кабарланды.

4 жылдан бери Брюсселге болгон алгачкы сапарынын жүрүшүндө Эрдоган биримдикке толук мүчө болуу - Түркиянын эң эле баштапкы мүдөөсү бойдон сакталып кала бергенин ишендирүүгө аракеттенди.

Европанын Саясат борборунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгүнүн стратегиялык мааниси улам барган сайын ого бетер өсүп жатканын билдирди. Түркия үчүн Евробиримдикке мүчөлүктөн башка альтернатива жок экенин далилдеген өкмөт башчы, сүйлөшүү жараянында Анкара “Набукко” газ куурунун долбоорун колдоо саясатын кайра карап чыга турганын эскертти.

Украина менен Орусиянын ортосундагы газ чатагынан улам кыштын чилдесинде 2 жумага жакын көгүлтүр отунсуз калган Европанын башы катып турган кезде, Борбор Азия жана Каспийдин табигый газын Европага алып чыгуусу болжолдонгон 3300 чакырым узундуктагы “Набукко” газ куурунун долбооруна шилтеме жасап, Эрдоган “албетте эгерде энергетика боюнча папканын ачылуусуна бөгөт коюлган бир учур менен беттешип калсак, биз дагы кайра карап чыгабыз” деген сөздөрү Брюсселде көп жага бербеди.

Түркия 2005-жылдын октябрь айында мүчөлүккө өтүү тууралуу сүйлөшүүлөр башталган учурдан бери, толук кандуу мүчө болуу үчүн толукталуусу талап кылынган 35 папканын 10у ачылды.

Эрдоган Брюсселдеги маалымат жыйынында, Евробиримдиктин экономикасы күчтүү, 70 миллион калкы бар Түркияны 600 миң калкы бар грек киприотторго алмаштыруу адилеттүүлүккө жатпай турганын баса көрсөттү. Түрк өкмөт башчысы Иран менен энергетика тармагында кызматташтыкка макул болбогула деген үндөөлөргө мындайча жооп кайтарды:

- Иран биздин кошунабыз. Бул өлкө менен Түркиянын ортосундагы сооданын көлөмү 10 миллиард долларды түзүүдө. Бул өлкөдөн жыл сайын 10 миллиард куб метр газ алуудабыз. Бул өлкө менен мамилеңерди үзгүлө деген чөйрөлөр бул фактыларды да ойлоп көрүшсүн. Түркия кандайдыр бир клан өлкө эмес. Анын миңдеген жылдарга таянган тарыхы бар. Биз ким менен кандай мамиле түзөбүз - бул биздин эркибиз.

XS
SM
MD
LG