Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Премьер-министр Түштүк Кореянын элчисин кабыл алды


Кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов бүгүн Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук-ыйгарым укуктуу элчиси Ким Бенг Хону кабыл алды. Анын учурунда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Игорь Чудинов Түштүк Корея ишкерлери Кыргызстандын курулуш, тоо кен, энергетика тармагында активдүү экенин, акыркы жылы болсо айыл чарбасына көңүл бура баштаганын белгилеген. Айыл чарбасына инвестиция жана алдыңкы технологиянын келишине кызыкдарбыз, деген Чудинов, кыргыз тарап ошондой эле эмгек миграциясы тармагында кызматташууга кызыкдар экенин белгилеген. Элчи өз кезегинде эмгек миграциясына квотаны көбөйтүү багытында иш алып барарын жана эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүүгө аракетин жасаарын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG