Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Москва Ингушетияга 29 миллиард рублди эмне максатта берүүдө?


Россиянын президенти Дмитрий Медведев жана Ингушетия жумуриятынын жетекчиси Юнус-Бек Евкуров, Магас, 21-январь 2009
Россиянын президенти Дмитрий Медведев жана Ингушетия жумуриятынын жетекчиси Юнус-Бек Евкуров, Магас, 21-январь 2009

Шейшембиде орус мамлекет башчысы Дмитрий Медведев мурда жарыяланбаган сапар менен Ингушетияга барып кетти. Президент жумурияттагы кырдаалды кыйын деп сыпаттап, дээрлик 30 миллиард рубль экономикалык жардам катары берилет деп убада кылды.

Кавказдык айрым байкоочулар ырастагандай, бул каражат Ингушетия кошуна жумурияттардын курамындагы аймактарды кайтаруу талабынан баш тартсын деген максат менен берилүүдө.

Медведев Ингушетиянын борбор шаары Магаска болгону бир жарым саатка барды. Жумурияттын жетекчиси Юнус-Бек Евкуров менен жолугушууда президенти 29 миллиард рубль же 877 миллион доллар бөлүнөөрүнө сөз берди. Медведев бул каражат кандай сарпталаарын тактабастан, акча социалдык-экономикалык абалды оңдоого жана региондогу козголоңчуларга каршы күрөшүп жаткан коопсуздук күчтөрүнө жардам катары берилет деп чектелди.

Оппозициянын мурдагы лидерлеринин бири, коомдук ишмер Макшарип Аушев акча курулуш тармагына багытталат деп болжолдойт:

- Бул каражат жол, мектеп, социалдык объектилерди, турак жайларды курууга сарпталмакчы. Жумуриятта турак-жайга муктаж көптөгөн үй-бүлө бар. Жакыр элдер көп. Бул акча ошондой эле заводдордогу курууга, жумушчу орундарды түзүүгө коротулат деп ойлойм.

Медведев Ингушетия көптөгөн социалдык жана экономикалык кыйынчылыктарга туш болуп жатканын моюнга алды. Ал ачык айтпаганы менен, бул үчүн күнөө мурдагы президент Мурат Зязиковго жүктөлөт. Көп жылдан бери Москва жумурияттын жетекчилигинен экономикалык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылганы жөнүндө отчетторду угуп келди. Иш жүзүндө Ингушетия экономикалык абалды жакшыртууга жетишкен эмес. Медведев экономикалык өсүштүн төмөндүгүн, инвестициялардын жетишсиздигин, жумушсуздукту өзгөчө белгиледи.

Россиянын регионалдык өнүгүү министри Виктор Басаргиндин маалыматына ылайык, жумушсуздук жумуриятта 57 процентти түзөт. Ингушетия федералдык бюджеттен эң көз каранды субъект болуп эсептелет. Жумурияттын жылдык бюджетинин 80 проценти борбордон толуктанып турат.

Жогорку кызматка былтыр октябрда дайындалган президент Евкуров эң олуттуу маселелердин бири катары паракорлукту, өкмөттүн элдин ишеничинен чыкканын жана жумушсуздукту атады. Анын Медведев менен жолугушуусуна күч органдарынын өкүлдөрү катышканы менен Евкуровдун жумурияттагы зордук-зомбулуктун өсүшүн сөз кылгандыгы кабарланган жок. 2008-жылы эле “кавказ-узел. Ру” сайтынын маалыматына ылайык, 61ден кем эмес теракт катталган. Кол салуулардан 70тен ашуун милиция кызматкери жана аскерлер өмүрүнөн ажыраган, 170ке жакыны жарадар болгон, 20дай карапайым киши каза тапкан, 46сы жараат алган.

Байкоочулардын көбү жаш ингуштарды козголоңчулардын катарына милициянын өзүм билемдиги, тынч мусулмандардын камакка алынышы түртүп жатат дешет.

Медведев сапары учурунда соңку жылдарда орун алган кол салууларга ингуш милициясы да салым кошуп жатат деп кыйытып, жумурияттын Ички иштер министрлигинин ишине көңүл буруу керектигине басым жасады.

Ал эми кавзкадык айрым байкоочулар 29 миллиард рубль Ингушетия кошуналарына болгон талаптарынан баш тартсын деп берилип жатат деп эсептешет.

Өткөн жылдын этегинде ингуш улутчулдары бир катар аймактарды, анын ичинде Чеченстандын жана Түндүк Осетиянын айрым бөлүктөрүн Ингушетиянын юрисдикциясына өткөрүү кампаниясын башташкан эле.

“Азаттыктын” Түндүк Кавказ боюнча аналитиги Лиз Фуллер ингуш жана орус тилиндеги айрым вебсайттарга таянып айтканына караганда, азыр Түндүк Осетиянын курамындагы Пригородное районун кайтаруу маанайы өзгөчө күчтүү. Айтмакчы, сөз болгон чөлкөм президент Евкуровдун кичи мекени.

- Эсиңиздерде болсо керек, 1992-жылдын күз айларында осетиндер ингуштарды ал жерден кууп чыгышкан. Көптөгөн ингуштарды бул факт азыркыга чейин кыжырдантат. Ал эми Чеченстандын курамындагы аймактарды кайтаруу кампаниясы андай колдоого ээ эмес болуп чыгаар. Бирок так баа берүү кыйын.

XS
SM
MD
LG