Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Орусия: адвокат Меркеловдун өлүмүнүн артында ким турат?


Орусияда оппозициячыл көз карандысыз журналисттер менен саясатчыларды куугунтукка алуу, коркутуп-үркүтүү күн санап көбөйүүдө. Алардын катарына эми адвокаттарды да кошсо болот. 19-январда Кремлдин жанында адвокат Станислав Маркеловду атып кетүү - буга бир мисал дешет серепчилер.

Маркелов коргоого алган кишилердин ишин башка адвокаттар батынып жүргүзө алган эмес. Маселен, Маркелов Чеченстан согушунда орусиялык офицер Юрий Буданов зордуктап, андан соң атып салган чечен кыз Эльза Кунгаеванын таламын сотто талашып келген. Байкоочулар Маркеловдун киши колдуу болушу - баарыдан мурда анын кесибине байланыштуу болгонун белгилешет.

34 жаштагы адвокат Маркелов атылган үч күн мурда чечен кыз Эльза Кунгаеваны өлтүргөн Юрий Буданов түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошонуп чыккан. Орусиялык басылмалар Буданов “Маркеловдун өлүмүнө менин эч тийешем жок” деп айтканын жазып чыгышты.

Маркелов менен бирге анын жанында жүргөн журналист дагы өлтүрүлгөн. Бул эки өлүм боюнча кылмыш иши козголуп, ага эң тажырыйбалуу тергөөчүлөр дайындалган. Ошондой эле бул кылмыштын бетин ачууга көзөмөл салаарын башкы прокурор Юрий Чайка билдирди.

Буга карабастан Генри Резник бул кылмыш деле башка чуулуу кылмыштар сыңары бети ачылбаган боюнча кала берет деген ойдо. Адвокат Станислав Маркеловду жерге берип жатканда Резник буларды айтты:

- Биз жашап аткан мамлекет милициялык эмес. Милициялык мамлекет Советтер Союзу болгон. Азыркы мамлекет - каалап турган учурда да ал өз жарандарын коргогонго дарманы келбейт... Бул кылмыштуулук адвокатурага каршы эмес - бул кылмыштуулук мамлекетке каршы жасалды.

Азыр чет өлкөдө бозгунда жүргөн, кезегинде Буданов колунан каза болгон чечен кыздын атасы Виса Кунгаев бул кылмыш – орус бийлигине жана коомчулукка кыр көргөзүү дейт:

- Стас Маркелов менин уулумдай эле. Мөңкүрөп, эмне дээримди билбей турам. Эгерде биздин укугубузду коргогон адвокатыбыз, чындыкты айтууга аракет кылган журналистибизди чак түштө эл алдында атып кетсе, анан кантип биздин оозго сөз кирет?

Бул кылмышка эл аралык укук коргоочулар дагы өз көз-караштарын билдиришти. «Эл аралык мунапыс» уюму Орусияны бул ишти тез жана адилет иликтөөгө чакырган кайрылуу жасады. «Орусияда адам укугун коргоо боюнча дагы бир батынып дилгир иш жүргүзгөн кайраткер киши – Станислав Маркелов өзүнүн тайманбастыгы үчүн өлтүрүлдү» - деп айтылат кайрылууда.

Ысымдары эл оозуна алынган канча инсандар киши колду болуп, ошол бойдон иликтөө дурус жыйынтык бербей келүүдө. Алар: Мамдуманын депутаттары Руслан Ямадаев, Сергей Юшенков, Галина Старовойтова, Лев Рохлин,журналисттер Анна Политковская, Пол Хлебников жана башкалар.

«Коммерсант» гезитинин жазганына караганда, курман болгондордун үй-бүлө, жакындарына Украинанын президенти Виктор Ющенко көңүл айткан телеграмма жиберген. Айрымдар маркум журналист Бабурованын туулган жери Украина болгон үчүн мындай телеграмма жиберилди дешет.

XS
SM
MD
LG