Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Брюссел Мужахедин Халк уюмун актап, Иранды каардантты


Евробиримдиктин чечимине каршы Иранда нааразылык акция өттү
Евробиримдиктин чечимине каршы Иранда нааразылык акция өттү

Евробиримдик ирандык Мужахедин Халк уюму - МХУну террорчул уюмдардын тизмесинен алып салды. 1979-жылы Ирандагы ислам ынкылабына катышкан бул партия тез эле жаңы бийликтен алыстап, 1980-88-жылдардагы Иран-Ирак согушунда Саддам Хусейнди жактап чыккан.

МХУ 2001-жылы куралдуу зобундан баш тартканы менен, Иран бийлиги партияны куугунтуктоону токтото элек жана анын мүчөлөрүн Ирактан чыгарууну талап кылып келет.

Евробиримдиктин Мужахеддин Халк уюму - МХУну «террорчул уюмдардын тизмесинен» чыгаруусу, партиянын Европадагы ишмердүүлүгүн жандандырып, ошол эле учурда Тегерандын Батыш менен болгон аркы-терки алакасын ого бетер начарлатат кейпи.

Биримдиктин чечимин, МХУнун Франциядагы өкүлү Мариям Ражави, «Европанын куп демей саясатынын ойрон болушу» деп сыпаттады. Стокольм университетинин профессору Саид Махмуди партияга эми Европада каржы чогулуу жеңил болот дейт:

- МХУну Евробиримдик террорчулардын тизмесинен алып салган соң, ага жан тарткан бардык топтор партияны ачык, эч кандай аки-чүкүсү жок колдой алат.

МХУнун өкүлү Шахин Губадинин билдиришинче, Францияда партиянын 9 миллион доллары, Биримдиктин башка өлкөлөрүндө «ондогон миллион доллар» кыйымылсыз тоңдурулган. Эми бул акчаларды пайдаланууга жол ачылат.

Идеологиясы ислам менен марксизмге таянган МХУ Иранда демократияны курууну көздөйт. Ал 1965-жылы негизделип, обол Ирандын шахына каршы куралдуу күрөшкө чыгат. 1970-жылдары Иранда иштеген бир нече АКШлык жарандардын өлтүрүүгө катышат. Серепчилердин айтышынча, МХУнун Иран-Ирак согушунда аларга баш паанек бергени үчүн Саддамды колдоосу, элди алардан бир кыйла алыстатты. Партия өз учурунда Саддамдын күрттөргө каршы кыргынынын колдоду деген да айыпталган. Мындай сынды МХУ четке каккан.

МХУ сүргүндөгү эң чоң оппозициячыл уюм болсо да, жетекчилери тазаланмайын, Ирандагы диниятчылар режимге каршы ийгиликтүү күрөшө албайт. Анткени МХУнун лидерлери өз сөзүн эки дедирбей, мүчөлөрүн каалагандай башкарып үйрөнгөн дейт уюмдун мурдакы мүчөсү Масул Худабанде:

- Мен өзүм күчтөп, ээри-зайыптарды ажыратканга күбө болгом. Уюм башчылары катардагы мүчөлөрүнө балдарыңар силер менен байланышуубузга жолтоо болот деп айтканы үчүн, 7 жашка чейинки 150 баланы, апаларынан тартып алышкан. Балдардын эң жашы 2 айлык болчу.

Масул Худабанде - Франциянын терроризмге каршы күрөшүү борборунун талдоочусу.

Бул сыяктуу айыптоолорду МХУнун башчылары танып келгени менен, аларга сөз тийгизди. Ошон үчүн, Брюсселдин чечими, Биримдиктин адам укугун коргоо жана террорчулукка каршы күрөшүү мүдөөсүнө төп келеби деген суроо жаралууда.

Уюмдун Ирактын Ашраф лагеринде жашаган 3 миңдей мүчөсүнүн тагдыры эмне болору да белгисиз. Вашингтон МХУнун террорчул уюм деп тааныгандыктан, январда Ашраф лагерин Ирак өкмөтүнүнө өткөрүп бергенче, мужахедчилерди америкалык аскерлер - Женева конвенциясына ылайык, коргоп жүрдү. Эми Ирак бийликтери алардын коопсуздугуна кепил өтө алабы же Иранга жөнөтөбү?

Иран өкмөтү МХУну Брюсселдин «террорчул уюмдардын тизмесинен» чыгарганын жаңылыштык деп, бул кадам ортоодогу соода-экономикалык алакага зыян келтирээрин эскертти. Ал эми Иран парламенти 27-январда МХУнун кылмыш жасаган мүчөлөрүн сот жообуна тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкууламак болууда.

XS
SM
MD
LG