Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Башкы прокуратура ишкерлердин укугун коргоого көңүл бурат


Башкы прокуратура ишкерлердин укугунун жана алардын инвестициялык ишинин сакталышына көз салат. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Башкы прокуратура менен бизнес уюмунун өкүлдөрүнүн ортосунда кол койгон меморандумдун алкагында прокуратура органдары ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын көзөмөлдөө органдары тарабынан бузууга жол бербөөгө милдетүү. Бул иш чара “Ишкердик субьектилерди текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамды, Ишкердик субьектилерди текшерүү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү чаралары, Салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүүгө мораторий, жеке менчиктерди коргоо жана анын кол тийбестигин күчөтүү жөнүндөгү президенттин жардыгын аткарууга багытталган. 2008-жылдагы текшерүүдө негизги массалык тартип бузуулар чарбалык субьектилерди текшерүүдөн улам келип чыккан. Ошондуктан Башкы прокуратура ишкерлердин мыйзамдык укуктары бузулуп жаткан фактылар боюнча бизнес чөйрөсүндөгүлөрдү убагында кайрылууга чакырган.(AJ)

XS
SM
MD
LG