Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Жарандар гимнди колун жүрөк тушка коюп ырдоого милдеттендирилди


“Кыргызстандын мамлекеттик символдору жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорго президент бүгүн кол койду. Ага ылайык жарандар гимн расмий ырдалган учурда аны ордунан туруп угуп, оң колун сол көкүрөгүнө коюсу керек. Мыйзамга мындай толуктоолорду киргизүү демилгесин “Ак жол” фракциясынын депутаттары Айтибай Тагаев менен Рашид Тагаев көтөрүшкөн жана мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2008-жылдын 25-декабрында кабыл алган. Алардын ырастоосунда, мыйзам долбоор мамлекеттик символдорго карата жарандардын сый мамилесин күчөтүүгө багытталган. (AzK)

XS
SM
MD
LG