Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Орус –проваслав чиркөөсү жаңы патриархты шайлоодо


Орус-проваслав чиркөөсүнүн патриархты шайлоого арналган жыйыны Москвада бүгүн ачылды. Ага 700дөй дин ишмери катышууда. Мунун алдында жекшемби күнкү добуш берүүнүн натыйжасында патриархтыкка талапкер катары үч дин ишмеринин ысымдары аталган. Алардын ичинен Орус-проваслав чиркөөсүнүн азыркы утурумдук башчысы Смоленскинин жана Калининграддын митрополити –Кириллдин патриархтыкка шайлануу мүмкүнчүлгү жогору экени айтылуудда.

Мурдагы патриарх Алексий Экинчи былтыр декабрь айынын башында 79 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Орус-правoслав чиркөөсүнүн жолун жолдоочулар дүйнөдө 165 миллион деп эсептелинет.

XS
SM
MD
LG