Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:50

Р.Аттокуров: Улутчулдар менен тил табышыш керек


Орусиядагы кыргыз элчиси Райымкул Аттокуров “Азаттыкка” орус неоулутчулдары менен байланыш куруп жатканын ырастады. “Сүйлөшүүгө барыш керек. Кандай жол менен болсо да алар менен тил табышыш керек,” - дейт кыргыз элчиси. Кечээ “Мемориал” укук коргоо уюму Орусиядагы кыргыз элчиси улутчулдар менен кызматташып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирген. Орус укук коргоочулары Р.Аттокуровду өз мекендештерин “адаттан тыш” ыкмалар менен коргоого аракет жасап жатат деп айыпташууда. Кыргыз элчиси “Укук коргоочулардын тынчсыздануу билдириши – алардын түз милдети. Жасап аткан ишимди улантам” - деп, «Славянский союз» улутчул-социалисттик уюмунун лидери Дмитрий Демушкин менен эки ирээт жолуккандыгын “Азаттыкка” тастыктап берди. Элчинин айтымында, бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында неолутчул уюмдун жетекчиси Орусиянын аймагындагы өз өкүлдөрүнө кыргыздарга карата “жумшаагыраак” мамиле кылууга чакырган. Орусиядагы кыргыз элчиси Р.Аттокуров бул тууралу жергиликтүү "Дело№..." гезитинин 28-январдагы санында кенен маек куруп берген. (EK)

XS
SM
MD
LG