Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Бүгүн Бириккен элдик кыймыл Саясий бюросунун жыйынын өткөрөт


Кыймылдын штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча, анда февралда жасала турган иштер талкууланып, өлкөнүн учурдагы абалына баа берилет. Ал эми Топчубек Тургуналиев кыймылдын программалык документтерин даярдоочу жумушчу топту түзүү маселеси да талкууланаарын кошумчалады. Анын айтымында, мындай топ азыркы бийликти кетиргенден кийин түзүлө турган убактылуу өкмөттүн өткөөл мезгилде жасай турган иштеринин программасын иштеп чыгуу үчүн түзүлөт. Азырынча топко БЭКке кирген партия менен кыймылдардын ар биринен экиден адамды киргизүү сунушталып жатат.(BD)

XS
SM
MD
LG