Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Ноокат тополоңу боюнча коомдук комиссия ишке киришти


Акыйкатчы түзгөн комиссиянын төрайымы, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчис Азиза Абдурасулова «Азаттыкка» билдиргендей, дүйнөлүк жана жергиликтүү деңгээлдеги тажрыйбалуу адистерден куралган топ былтыркы Ноокат тополоңуна байланыштуу адам укуктарынын сакталышына жеринде иликтөө жасамакчы. Бирок эки апталык иликтөөнүн жүрүшүндө комиссиянын макулдугусуз ар кандай маалыматты жайылтууга тыюу салынат. «Акыйкат сот-чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапировдун көз карашында, президент Бакиев Ноокат тополоңунун ак-карасын териштирүүгө өкмөттүк комиссия түзбөсө, Акыйкатчы жөнөткөн топтон натыйжа чыкпайт.

Былтыр 1-октябрда Ноокат районунда Орозо айтка байланыштуу майрамдык иш-чараларды борбордук аянтта өткөрүүгө уруксат берилбегендиктен тополоң чыгып, райондук акимчиликтин имараты таш бараңга алынган. Бул окуя боюнча козголгон кылмыш иштен улам райондук сот 32 адамды 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыраткан. (ATo)

XS
SM
MD
LG