Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү акциясы жакында башталат


Бул тууралуу БЭКтин штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров кечээ аталган кыймылдын жыйынынан соң “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү жана үй-бүлөлүк башкарууну токтотуу талабы коюлган нааразылык акциясы жалпы Кыргызстан боюнча бир күндө башталат. БЭК бул нааразылык акцияларды өткөрүү күнүн жакын арада жарыялайт, дейт Бекнзаров. Ошондой эле БЭКтин кечээги жыйынында салык саясатынын туура эместиги, ички-тышкы саясаттагы баш аламандык, экономикалык кризис, үй-бүлөлүк башкаруу, коррупциянын гүлдөп өсүшү кескин сынга алынды. (AJ)

XS
SM
MD
LG