Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Интернет маалымат каражаттарын каттоого кылдат кароо керек


Мындай пикирин укук коргоочу Шамарал Майчиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Интернет – сайттарды маалымат каражаттарынын катарына кошуу алардын саясий жактан ыңгайсыздык жараткандарын жаап салууга алып барышы мүмкүн.
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабировдун пикиринде бул аракет интернетти көзөмөлдөө эмес, иретке келтирүү максаты менен жасалууда. Демилгеде саясий кызыкчылык жок, башкы максат экстеримисттик, террорчул маанайдагы маалыматтарды чектөө дейт депутат. Жогорку Кеңештин депутаты Сабиров көптөн бери интернет-сайттарды маалымат каражаттары катары каттоого алуу демилгесин көтөрүп келатат. Мунун айланасында ар кыл пикирлер бүгүн башталган “Интернет жана укук” эл аралык конференциясынын алкагында айтылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG