Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

“Ата Мекендин” мүчөлөрүн казак коопсуздук кызматы текшерүүгө алды


“Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрүн алар Алматада социал-демократияга арналган жыйындан кайтып келатканда Казакстан менен Кыргыстандын чек арасында казак коопсуздук кызматы токтотуп текшерүүгө алган. Партия лидерлеринин дипломатиялык паспорту болгонуна карабастан, алар да сурак беришкен. Чек ара кызматкерлер мындай текшерүүнү диний-экстремисттик маанайдагы документтерди издеп жатканы менен түшүндүрүшкөн. Бирок таптакыр башка өңүттөн суроолорду беришкен. “Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаевдин жыйында сүйлөгөн сөзүнүн текстин жана кыргыз оппозициясы сунуштап жаткан өлкөнү өнүктүрүү концепциясын таанышуу үчүн өздөрүнө алып калышкан. Аталган партия тараткан маалыматка ылайык, Казакстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн мындай аракеттери өлкө ЕККуга төрагалык кылууга далалатанып жаткан чакта эл аралык стандарттарга жооп бербейт жана мамлекеттеги демократиялык түзүлүштөргө шек келтирет. (EBM)

XS
SM
MD
LG