Эркин Булекбаевге президенттин карикатурасын тартып, мамлекет башчынын ар-намысына шек келтирди деген айып Башкы прокуратура тарабынан коюлган. Иш Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилип, сот ишти кароону 11-февралга белгиледи. Бул тууралуу Жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев “Азатыкка” билдирди. Ал өзү бул ишти саясий куугунтук катары баалоодо.(AiT)