Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстанга Дүйнөлүк Банктын миссиясы келет


Кыргызстандын рейтингиндеги өзгөрүүлөргө баа берүү максатын көздөгөн бул миссия март айынын ортосунда келери күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк жыйында премьер-министр Игорь Чудинов билдирди. Өкмөттүк жыйын бүгүн Кыргызстандын 2008-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн абалын талкуулады. Жыйында баяндама жасаган Экономикалык өнүгүү министри Акылбек Жапаровдун билдиргенине караганда, өткөн жылы ички дүн продукциянын өлчөмү (Кумтөр кенин кошпогондо) 7,6 пайызды, инфляция 20 процентти түздү. Премьер министрдин жыйында билдиргенине караганда социалдык-экономикалык өнүгүүнүн 2008-жыл үчүн абалы боюнча өкмөттүн баяндамасын парламент 17-мартта угаары күтүлүүдө.
Өкмөт башчы өкмөттүк жыйында реформа кыйынчылык менен ишке ашып жатат деп, муну министрликтердин, тармактардын мыйзамдарды, токтомдорду аткаруудагы жайбаракаттыгы менен байланыштырды. Аракетсиздик үчүн чара көрүү боюнча протоколдук тапшырма берди. (BuS)

XS
SM
MD
LG