Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:42

Президент Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайлоого барат


Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев өзү учурда “Ала-Арча” резиденциясында журналисттер менен өтүп жаткан жолугушууда билдирди. Экинчи мөөнөткө шайлоого барууга мыйзам жол берет жана мен бул укугумдан экинчи ирет пайдаланам деди. Президент маалымат жыйынында ошондой эле айрымдар президенттик шайлоо быйыл болот деп жатышкандыгын, өзү болсо Конституциялык Сот качан деп аныктаса ошого даяр экенин билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидерлеринин бири Иса Өмүркулов келерки президенттик шайлоо эски Конституция боюнча быйыл октябрдын акыркы аптасында өтүшү керек деп, бул боюнча Конституциялык Сотко кайрылышы ыктымал экенин билдирген. Буга жооп кайтарган Жогорку Кенештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов Кыргызстандын мурдагы Баш мыйзамын Конституциялык Сот жокко чыгарганын эскертип, президенттик шайлоо жаңы Конституциянын чегинде өтөөрүн белгилеген.
Курманбек Бакиев биринчи жолу кыргызстандын президенти болуп 10-июлда шайланган. Конституцияда келерки шайлоо 2010-жылы болору көрсөтүлгөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG