Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Президент Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайлоого барат


"Конституциялык Сот быйыл шайлоо болот деп чечсе - быйыл, 2010-жылы өтөт деп чечсе - эмдиги жылы катышууга даярмын",- деп билдирди К.Бакиев бүгүнкү маалымат жыйынында. Президент ошондой эле АКШнын “Манас” аба базасын чыгаруу жөнүндө чечимди Бишкек анын акысына канаттанбагандан улам кабыл алганын билдирди.

Суроолор алдын ала түзүлгөнүнө карабай К.Бакиевге президенттик экинчи мөөнөт тууралуу үч суроо берилди. "Конституция мага дагы бир ирет президент болууга шарт түзөт, ошол укугумдан пайдаланам, - деди К.Бакиев. - Анын үстүнө экономикада жагдай жакшырып, айлык акылар көбөйүп, мектептер курулуп, жолдор салынып, абал оң болуп турат".

Ал эми шайлоо качан өтүшү керек, эл арасында, коомчулукта ал быйылбы же 2010-жылы өтүшү керекпи, деген суроого К.Бакиев муну Конституциялык Сот чечиши керектигин, "негизгиси быйыл десе быйыл, 2010-жылы десе ага да даярмын", деп жооп берди.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидерлеринин бири Иса Өмүркулов келерки президенттик шайлоо эски Конституция боюнча быйыл октябрдын акыркы аптасында өтүшү керек деп, бул боюнча Конституциялык Сотко кайрылышы ыктымал экенин билдирген. Буга жооп кайтарган Жогорку Кенештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов Кыргызстандын мурдагы Баш мыйзамын Конституциялык Сот жокко чыгарганын эскертип, президенттик шайлоо жаңы Конституциянын чегинде өтөөрүн белгилеген эле .

"Албетте, президенттикке татыктуу жигиттер бар, бир-экөө эмес, бир нече, бирок алардын аттарын азыр атабай турайын,- деген К.Бакиев шайлоонун таза өтөөрүнө ишенгиле деп билдирди. - Анан дагы мурдагы президенттин тушундагыдай болуп, улам Башмыйзамды өзгөртүп, ага жараша мөөнөтүмдү узартайын деген оюм жок, мен 2005-жылдын мартында бийликке келгем, санак ошондон башталышы керек".

Журналисттерди “Манас” аба базасынын тагдыры, Орусия убада кылган 2 млрд. доллардын кайда жумшалары кызыктырды. “Манас” боюнча кабыл алынган чечимден кийин АКШ менен, Батыш мамлекеттери менен мамиле бузулуп калбайбы деген суроого президент бул жерде эч кандай саясий себеп жок, АКШ бизди көп ирет колдоп келди, маселе базага төлөнүп келген каражатка гана байланыштуу деп жооп берди. "Соңку үч жылда мен бул маселени бир нече жолу койдум. Мен Буш менен гана жолуккан жокмун, бирок акыны Кондолиза Райска, мурдагы коргоо министри Гейтске, мага жолукканы келген сенаторлордун баарына айтып келдим: "Урматтуу мырзалар, макулдашуунун шарттарын карап чыгалы, мезгил башка, баалар башка, Кыргызстан экономикалык кыйынчылыкты тартып жатат, түшүнгүлө" деп. ...Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Мирослав Ниязов турганда да ал макулдашуу протоколун түзүп жатып америкалыктар бир жылда 150 млн долларга чыгат деп айткан. Бул да аткарылган жок,"- деди К.Бакиев.

Жыйында Борбор Азиядагы суу-энергетикалык маселелер тууралуу да суроолор болду. К.Бакиевдин айтымында, Камбар-Ата ГЭСтерин куруу менен Кыргызстан суунун көлөмүн азыркы 19 млрд куб метрге кошумча дагы 5 млрд суу топтоого жетишет, ал эми суунун көлөмүнүн көбөйгөнү баарынан мурда кошуналарга пайдалуу. Ошол эле маалда Өзбекстандын газга койгон 240 доллар баасы Кыргызстан үчүн кымбатыраак, анын баасы европалык чен лчмдр менен алганда 180 доллардын айланасында болушу керек эле. Негизи келишимдер коңшулар ортосунда комплекстүү каралып, түзүлгөнү жакшы болмок.

Президент Курманбек Бакиев менен журналисттер көптөн бери маалымат жыйынында жолуга элек эле. Муну ал суроолор алдындагы кириш сөзүндө да белгиледи. Президенттин катчылыгы катыша турган журналисттерди алдын ала тизмесин аныктап гана тим болбой, ким кандай суроону кимден кийин кандай мазмунда берерине чейин аныктаган. Жыйынды алып барган мурдагы медиа өкүл, азыр Президенттин басма сөз кызматында иштеп аткан Илим Карыпбеков мамлекет башчысына жыйын убагында кол көтөрүп, пландалгандан тышкары суроо бергенге тыюу салды. Президент жыйын өткөн залга кирип келатканда жана жыйын бүткөн соң аны узатып жатканда журналисттер ордуларынан туруп турушту.

Жыйын кыргыз жана орус тилдеринде өтүп, бир жарым саатка созулду. Мамлекет башчысы алдын ала даярдалган 24 суроого жооп берди.

Курманбек Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда Кыргызстандын президенттигине шайланган. Ал жолу К.Бакиев Ф.Кулов менен тандем болуп шайлоого чыгып, 88 пайыз добуш менен жеңишти камсыз кылган.

XS
SM
MD
LG