- Кушбак мырза, адегенде сураарыбыз, саламатчылыгыңыз кандай?
- Ошко келгенден бери аябай чоң кордукту, кырсыктарды көрдүм, ден-соолугуман ажырадым. Кант көбөйүп кетип ден-соолугум начарлап кетти, же тамак сиңбейт, же бир жерим кесилсе, ал сакайбайт. Акыбалым оор. Көрүнөйүн десем, 700-800 адамга бир врачыбыз бар, ал жетишпейт. Бир нерсе десем, бул киши саясаттын адамы экен деп коркот, качат.
- Өкүмгө макул эместигиңизди такай билдирип келатасыз. Деги максатсыз бөлүштүрлүлгөн деп көрсөтүлгөн гуманитардык жардамга Сиздин канчалык деңгээлде тиешеңиз бар эле?
- Бул гуманитрадык жардамды Москва шаарынын мэри Лужковдон биз өзүбүз сүйлөшүп алып келгенбиз. Ал өкмөттүкү, президентттик администрацияныкы да эмес. Ал келген маалда мен Пекинде болгом. Сен төрага экенсиң, жооп бересиң деп камап салышты.
-Мыйзамсыз иштерге аралашкан катары айыпталган коллегаңыз, Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин каржы жана чарба бөлүмүнүн мурдагы башчысы Саиткасым Жээнбеков Жалал-Абатта сот залынан бошотулбадыбы. Айрым гезиттер жазгандай, материалдык жоопкерчилик ошо жигиттин мойнунда беле?
- Сот 3 айга созулду. 19 томдун бир бетинде Тезекбаев бирөөдөн 10 сом алды деген жери жок. 360 кишини сураганда Тезекбаев мамлекетке да, элге да зыян келтирген эмес деп жазып берген. Сотто бир дагы далил болгон жок. Сот кылмыш кылынган жерде жасалыш керек. Булар менин укугумду тебелешти. Жээнбеков ушул күнгө чейин сайраңдап жүрөт, мойнунда мындан тышкары дагы 6 млн. бар. Материалдык жоопкерчилик менде эмес, 31-статья менен бошонуп кетти Жээнбеков, мени менен жүргөн.
- Оштогу акыркы сотто айттыңыз да. Өкүмдө көрсөтүлгөндөй, мамлекетке келтирилген зыяндан Саиткасым Жээнбеков экөөлөп чогуу кутулалы деп. Бирок прокурор «Жээнбековду аралаштырбаңыз, 750 миң сом төлөнмөйүнчө бошотулбайсыз!" деген талапты койбодубу. Сиз дале көгөрүп аткандайсыз. Балким, бир билгениңиз бардыр?
- Өзүмө жаздырып багып алган 4 жашаар уулум бар, аялым 2 топтогу инвалид. Шаарда, башка жерде сатып азыр бере кое турган үйүм жок. Айылдагы үйүм азыр гезитке берилип, сатыкка коюлду. Эгер сатылса төлөйм. Августта ушул жерден 5 жыл алган бала чыгып кетти. Мени менен отургандар 3-7 жылдан срогу толбой, 21 жыл алгандар автоматтык түрдө бошоп кетип атат. Мага баары бир болуп калды. Мен миң дисциплина кармап, канымды аябай мамлекет үчүн патриот болсом деле мени аягыдай эч ким жок экен.
-Былтыр бир катар массалык маалымат каражаттары Сиздин коомчулукка кайрылууңузду басышпадыбы. Анда: «Эгерде, абакта менин өмүрүмө кокус балта чабылса, аны президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевден көргүлө! Себеби, анын колунан ар кандай арам иштер келээрине көзүм толук жетип калды» деп жазган элеңиз. Оштогу абактын жетекчилиги Сизди ачык колдогонуна карабай түрмөдөн бошошуңуздун кечеңдетилип жатышында саясат барбы?
- Бүгүнкү күнгө чейин башкы прокурор ишимди алып кетип 2 ай кармады, Бишкектен ГУИН алып кетип бир ай санады. Мен бүгүнкү чейин мыйзамды сыйлап чыдап келдим, эч жака кайрылганым да жок, оорусам да ичиме салдым. Президенттин инисине каяша сүйлөп койдум эле, ушул кордукту көрсөтүп атат.
- Сиз жаткан абактын жетечилиги Ош облустук сотуна кайрылууга ниеттенүүдө. Кокус анда да өтүнүч канаттандырылбаса, кийинки кадамыңыз кандай болмокчу?
- Мен патриот болгом. Ошондо төңкөрүш деп камалып кеткенибизде атылат элек, же 25 жылдан алат элек, аны баардыгы жакшы билет. Революцияны жалаң фанаттар кылдык эле, акмактар күнүн көрүп атат. Эгерде ушундай өч алуулар, бут тосуулар боло бере турган болсо, сот адилеттүүлүгү, чындык болбсо, дагы бир шылтоо таап мени узартса, ачкачылык жарыялап, өлүп берип кутулам.
- Кушбак мырза, эмне дейли, аман болуңуз!