Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Абраам Линколн - АКШ тарыхындагы улуу президент


12-февралда америкалыктар АКШнын 16-президенти Абраам Линколндун туулган күнүнүн 200 жылдыгын белгилешти. Америкалыктар Линколнду улуу лидер катары ушул күнгө чейин урматташат. АКШнын азыркы президенти Барак Обама өз сөзүндө жана жүргүзгөн саясатында Линколнго байма-бай шилтеме жасап келет. Линколндун мурасы менен жакындан таанышуу үчүн “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кабарчысы Рон Синовиц (Ron Synovitz) белгилүү тарыхчы жана Иллинойстогу Нокс коллежинин Линколнду изилдөө борборунун жетекчилеринин бири Родни О’Дэвисти (Rodney O. Davis) кепке тарткан.

АКШнын тарыхындагы эң белгилүү президенттердин бири катары таанылып калган Абраам Линколндун жашоосу кандай болгон? Бул суроого Родни О’Дэвис мындай деп жооп кайтарган:

- Менимче, “америкалык кыялдын” белгилүү үлгүсү катары Абраам Линколн америкалыктардын жашоосунда өзгөчө орунду ээлеп калды. Ал карапайым эле шарттарда туулуп-өсүп, бийликтин туу чокусуна жете алды. Болгондо да буга өз күчү жана аракети менен жетти. Мындан сырткары Линколн өлкө кризиске батып турган маалда (1861-65-жылдары атуулдук согуш убагында) бийликке келип, ийгиликтүү башкарып, өлкөнү кризистен чыгарып кетти. Жана албетте адам укуктары үчүн күрөшкөн, кулдарга эркиндик берген адам катары Американын гана эмес, адамзаттын тарыхында калды.

Родни О’Дэвис Абраам Линколндун тагдыр таржымалы тууралуу айтып жатып, анын балалык чагына да токтоло кетти. Көрсө Линколн балалык чагында эле билимге умтулган экен:

- Линколн кепедей болгон чакан үйдө төрөлгөн. Анын атасы жөнөкөй дыйкан болчу жана оокатына анча тың деле эмес эле. Ал бардык ишти өз колу менен жасачу. Абраам да албетте кара ишке көнгөн жана атасына жардам берер эле. Бирок ал мындан сырткары билимге да абдан умтулчу. Ал өз жашоосунда 11 ай гана окууга барган. Ал өз алдынча билимин өркүндөткөн. Абраам мыйзам боюнча китептерди өз алдынча окуп, адвокат катары иштей баштаган. Ал дайыма гезиттерди окуп, саясий иштерде жакшы эле такшалып калган. Абраам абдан ачык болчу, андыктан башкалар менен тез эле тил табышып кетчү.

Деген Родни О’Дэвис Абраам Линколндун чоң саясатка карай жолун да айтып берди. Абраам Линколн 1860-жылы жаңы түзүлгөн Республикалык партиянын лидери болгон. Бул партия кулчулуктун тамыры мындан ары жайылбашы керек деген принципти карманган.

Айрым сынчылар Линколн атуулдук согуш маалында жикчил штаттардагы экономиканы талкалоо үчүн гана кулдарды көтөрүлүп чыгууга түрткөн, чындыгында кулдарга азаттык берүү ою жок болчу деп айтышат. Родни О’Дэвис мындай көз-караштар менен макул эмес.

1863-жылы Пенсилванияда Геттисбергдеги согуш майданында Линколн белгилүү кайрылуу жасаган. Ошондо айтылган сөздөр Американын тарыхында чоң мааниге ээ болду деп эсептешет. Родни О’Дэвис анын себебин мындайча түшүндүрөт:

- Маазмуну жагынан алганда Геттисбергде айтылган сөздөр жарандык согуштун жаңы миссиясын көрсөттү: анда бардык эркектердин жашоого, эркиндикке, бакубат турмушка укугу бирдей деген маани жатат. Жарандык согуш кулчулукту жоготуу боюнча жаңы миссияны көздөйт деген сөздөр камтылган. Линколндун сөздөрү өтө кыска жана жеңил болгон. Мына ушундан улам алар түбөлүккө унутулгус болуп тарыхта калды.

Ушул тапта АКШ экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан маалда жаңы президент Барак Обама Линколндун саяссий турмуш жолунан кандай сабак алышы керек деп ойлойсуз деген суроого Родни О’Дэвис учурда байланыш абдан жеңил формага айланганын эске салып, президент коомчулук менен такай байланышта болуп турушу керектигин айтат.

1865-жылы инаугурацияда Линколн колдонгон Библияга өткөн айда Вашингтондо президент Барак Обама колун коюп ант бергенин бардыгы көрдү. Ушундан улам сизде кандай ойлор пайда болду? деген “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна Родни О’Дэвис “эмне үчүн мурдагы президенттер ушундай жасабаганына таң калам” деп жооп кайтарды.

XS
SM
MD
LG