Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

Британия менен Франциянын суу алдында жүрүүчү кемелери кагылышкан


Жогорудагы эки өлкөнүн суу алдында жүрүүчү, өзөктүк куралы бар кемелери сүзүшкөнү тууралуу маалыматты бүгүн Британиянын падышалык аскер-деңиз күчтөрүнүн колбашчысы ырастады. Лорд адмирал Жонатан Бэнддин айтымында, мындан өзөктүк куралдын коопсуздугу үчүн "эч кандай тобокелчилик жаралган" жок. Франциянын аскер –деңиз күчтөрүнүн өкүлүнүн айтымында, сүзүшкөн учурунда кемелер күндөлүк күзөттө жүрүшкөн. Британ маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, атууга даяр турган өзөктүк ракета менен жабдылган кемелер Атлантика океанында 3- же 4-февралда сүзүшкөн жана экөөсү тең кыйла жабыр тарткан .

XS
SM
MD
LG