Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Америкалык генерал Ташкенде сүйлөшүү жүргүздү


Дэвид Петреус
Дэвид Петреус

Кыргызстанда парламент комитеттери АКШнын "Манас" базасын жабуу тууралуу өкмөттүн чечимин жапырт жактырып жатышат. Бул тапта АКШ Ташкен менен Ооганстан боюнча сүйлөшүү баштады. Ошол эле убакта америкалык тарап генерал Дэвид Петреус өзбек бийликтери менен бул өлкөдө база ачуу маселесин көтөрөн жок деп ырастоодо.

Дэвид Петреус АКШнын Ооганстандагы жана Ирактагы аскерлеринин командачысы. Ал шейшемби күнү Ташкенде болуп, өзбек президенти менен сүйлөшүү жүргүздү. АКШнын элчилиги билдиргендей, Петреус Ташкенге аймактагы коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды талкуулаганы келди.

Өзбек маалымат каражаттарына ылайык, президент Каримов генералдын визитин "АКШ-өзбек алакаларындагы маанилүү окуя" деп мүнөздөдү.

Кыргызстандын бийликтери Бишкектин жанындагы эл аралык анти-террордук аскер базасын жабуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин, Вашингтон Борбор Азия аркылуу Ооганстанга жүк ташуунун башка жолдоорун издей баштады.

Бирок АКШнын Ташкендеги элчилигинин маалымат катчысы Моли Стефенсон "Азаттыкка" Петреус Өзбекстанда америкалык базаны кайра ачуу маселесин козгогон жок деп ырастады:

Бул маселе каралган жок. Биз азыр иш жүзүндө Өзбекстандын Ооганстан боюнча башка багыттардагы кызматташтыгына басым жасап жатабыз.

Кошмо Штаттарынын Өзбекстанда Карши-Ханабад аскер базасы бар эле. Анжиян окуяларына байланыштуу Ташкен бийликтери 2005-жылы америкалык аскерлерди ал жактан чыгарып жиберген.

Петреустун сапары Вашингтон-Ташкен алакаларынын ортосундагы жаңылануудан кабар берет. Штефан Майстер Борбор Азия боюнча германиялык баяндамачы. Анын пикиринде, Барак Обаманын жаңы администрациясы Борбор Азияда зарылчылыкка жараша саясат жүргүзмөкчү:

Обама прагматик экени белгилүү. Ал Борбор Азияда саясий системаларда, диктатураларга байланышкан проблемалар бар экендигин жакшы билет. Бирок ал Ооганстандагы америкалык аскерлерди колдоодо мүмкүнчүлүктөр чектелүү экендигин да жакшы түшүнөт.

Германиянын Чет элдик байланыштар кеңешинин Орусия жана Борбор Азия алакалары боюнча мүчөсү болгон баяндамачынын пикиринде, Обаманын администрациясы Ооганстандагы талиптерге каршы күрөштө Борбор Азия мамлекеттери менен да, Орусия менен да кызматташууга аракеттенет.

Майстер демократия менен экстремизмге келген Кошмо Штаттары экинчисине артыкчылык берүүгө мажбур болот деп эсептейт:

- Демократияны бекемдөө бир күндө бүтчү иш эмес, аны такай колдош керек. Ал эми Ооганстан жана талиптер - учурдун көйгөйү. Албетте терроризм проблемасын Америка бир жылда чече албайт. Бирок аларда (бул күрөштү биринчи планга коюудан) башка арга жок.

Анын аралыгында, НАТО Пакистандын өз аймактарынын биринде шарият мыйзамын киргизүүгө макул болгондугу боюнча эскертүү жасады. НАТОнун маалымат катчысы Жеймс Аппатюрай "Пакистан өкмөтүнүн талиптер менен бул жааттагы келишими Ооганстандагы эл аралык анти-террордук коалициянын ишин оорлотот" деген пикирин билдирди. Пакистан бийликтери өлкөнүн Сват өрөөнүндө шарият мыйзамынын киргизилиши эктремисттерди тынчытууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнүүдө.

XS
SM
MD
LG