Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Хиллари Клинтондун Азия сапары уланууда


Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Индонезияга барды. Мамкатчынын чет өлкөлүк алгачкы сапарына бул өлкөнүн камтылышы президент Барак Обаманын мусулман дүйнөсү менен алакаларды жакшыртуу планына кирет. Индонезия эң көп калктуу мусулман мамлекети. Клинтон Индонезиянын Тышкы иштер министри Хасан Виражуда менен сүйлөшүү өткөрдү. Бүгүн президент Сусило Бамбанг Йодхьоно менен кездешмекчи. Андан ары Мамкатчы Түштүк Корея жана Кытайга жөнөйт.

XS
SM
MD
LG