Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Парламент АКШ базасын чыгаруу чечимин колдоду


Жогорку Кеңеш бүгүн “Манас” аскердик аба базасы жөнүндө АКШ менен келишимди токтотуу маселесин карады. Натыйжада маселе добушка коюлуп, 78 депутаттын колдоосун тапты.

Эл аралык антитеррордук күчтөрдүн аскердик базасын өлкөдөн чыгаруу жөнүндө эки жума мурда Кыргызстандын Өкмөтү чечим кабыл алып, аны парламентке жиберген эле. Буга чейин бул маселе парламенттин тиешелүү комитеттеринде, фракцияларында каралып, колдоо тапкан. Бир гана социал-демократтар фракциясы ага каршы болгон.

Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө “Манас” аба базасы жөнүндө АКШ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу бышып жетилген маселе экенин билдирди. Анын айтымында, 2006-жылы америкалык учак менен Кыргызстандын жарандык учагы кагылышкан, америкалык аскерлер 2002-жылы март айында эки кыргыз кызын коюп кетишкен.

Комиссиянын иликтөөсүнө караганда, учактар кагылышканда кыргызстандык кыйраган учактын зыяны 600 миң долларга бааланган. АКШ келген зыянды толук төлөп бербей, 250 миң доллар гана чектелген.

Ошондой эле кыргызстандык жаран А. Ивановду атып өлтүргөн америкалык аскерди аскердик трибуналдын жообуна тартуу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес. Аскердик база үчүн ижара акысын көбөйтүү жөнүндө Кыргызстан тараптын өтүнүчтөрүн Вашингтон жоопсуз калтырып келатат.

Тышкы иштер министри парламентке берген маалыматка караганда, аскердик базанын ижара акысы үчүн АКШ 2006-жылдан тартып Кыргызстандын мамлекеттик казынасына 17 млн 400 миң доллардан төлөп келатат. Эки жыл мурда кол коюлган протоколдук келишим боюнча АКШ ижара акынын көлөмүн 50 млн долларга жеткирүүгө милдеттенген. Бирок иш жүзүндө аны аткарган эмес.

Пентагон “Манас” аба базасы үчүн 224,61 гектар айыл чарба жерин, Фрунзе токой чарбасынын 114 гектар жерин ижаралап келген. Мындан тышкары “Манас” эл аралык аэропорту учуу тилкесинен 985 миң чарчы метр жери дагы америкалыктарга ижарага берилген.

АКШнын "Манас" аскердик аба базасын чыгаруу жөнүндө өкмөттүн сунушу буга чейин парламентте комитеттерде жана фракцияларда каралган.

Бийликчил “Ак жол” жана коммунисттер фракциялары “Манас” аба базасын өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечимди колдоп чыгышкан. Социал-демократтар фракциясы көпчүлүк добуш менен каршы болгон.

“Каражат жагына карабашыбыз керек. Бизге жарандык аба майданыбызда бөлөк-бөтөн базанын кереги жок”,- деп сүйлөдү бүгүн жарыш сөз маалында коммунисттердин лидери Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Баекова Кыргызстандагы демократиялык реформаларды жүргүзүүгө АКШнын көрсөткөн жардамына токтолуп, аскердик базаны чыгаруу өлкөдөгү демократиянын мындан аркы тагдырына залалын тийгизбеши керек деп белгиледи.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов АКШнын аскер базасынын тероризмге каршы күрөш жүргүзүүдөгү маанисин баса белгилеп, Кыргызстан 1999-жылы башынан өткөргөн террордук чабуулдар коркунучу дагы эле бар экенин эскертти. Ал социал-демократтардын атынан билдирүү жасап, АКШнын базасын чыгарууга шашпай, Кыргызстан бардык аскердик -саясий блоктор менен теңсалмак саясат жүргүзүшү керек деп айтты.


Ошентип түшкү тыныгуудан кийин бул маселе добушка коюлуп, 78 депутаттын колдоосун тапты. Ошондой эле эки депутат каршы, бирөө калыс болушту. Жалпысынан парламентте 90 депутат бар.

Президент Курманбек Бакиев соңку сүйлөгөн сөзүндө АКШнын аскер базасынын ижара акысын көбөйтүү жөнүндө маселеде Бишкек менен Вашингтон тил табыша албай калганын билдирген. Соңку үч жылда бул маселени АКШнын мамлекеттик катчысы менен коргоо министринин алдына бир нече жолу койгонун, бирок алар ижара акысын көбөйтүү жөнүндө берген убадаларын аткарбай койгонун баса белгилеген.

"Мен Буш менен гана жолуккан жокмун, бирок Кондолиза Райска, мурдагы коргоо министри Гейтске, мага жолукканы келген сенаторлордун баарына айтып келдим. "Урматтуу мырзалар, макулдашуунун шарттарын карап чыгалы, мезгил башка, баалар башка, Кыргызстан экономикалык кыйынчылыкты тартып жатат, түшүнгүлө" деп. ...Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Мирослав Ниязов турганда да ал макулдашуу протоколун түзүп жатып америкалыктар бир жылда 150 млн долларга чыгат деп айткан. Бул да аткарылган жок,"- деген К.Бакиев 11-февралда маалымат жыйынында.

АКШ баштаган эл аралык антитеррордук күчтөрдүн аскердик базасы Ооганстандагы террордук күчтөргө каршы “Урагыс эркиндик” согуштук операциясын ишке ашырууга көмөктөш болуу үчүн Кыргызстандын “Манас” аба майданына 2001-жылы декабрда киргизилген. Биринчи жолку келишим боюнча аталган база бир жылдык мөөнөт менен жайгаштырылган. Андан бери сегиз жылга аяк басты.

XS
SM
MD
LG