Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

АКШнын аскер базасын чыгаруу чечимин Бакиев бекитти


Президент К. Бакиев аскердик база жөнүндө АКШ менен болгон келишимди токтотуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги авиабазаны чыгаруу жөнүндө кыргыз бийлигинин чечимин Вашингтонго билдириши керек. Ошондон кийин 180 күн аралыгында АКШ “Манас” аба майданындагы аскердик базасын көчүрүп чыгып кетүүгө тийиш.

“Манас” аскердик аба базасы жөнүндө АКШ менен келишимди токтотуу маселесин Жогорку Кеңеш бир күн мурда карап, колдоп берген. Бир гана социал-демократтар фракциясы ага каршы чыккан.

“Каражат жагына карабашыбыз керек. Бизге жарандык аба майданыбызда бөлөк-бөтөн базанын кереги жок”,- деп сүйлөгөн болчу жарыш сөз маалында коммунисттердин лидери Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Баекова Кыргызстандагы демократиялык реформаларды жүргүзүүгө АКШнын көрсөткөн жардамына токтолуп, аскердик базаны чыгаруу өлкөдөгү демократиянын мындан аркы тагдырына залалын тийгизбеши керек деп белгилеген.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов АКШнын аскер базасынын тероризмге каршы күрөш жүргүзүүдөгү маанисин баса белгилеп, Кыргызстан 1999-жылы башынан өткөргөн террордук чабуулдар коркунучу дагы эле бар экенин эскертип сүйлөгөн. Ал социал-демократтардын атынан билдирүү жасап, АКШнын базасын чыгарууга шашпай, Кыргызстан бардык аскердик -саясий блоктор менен теңсалмак саясат жүргүзүшү керек деп айткан

Бакыт Бешимов кечээ "Азаттыкка" сүйлөгөн сөзүндө америкалык базаны чыгаруу жөнүндө кыргыз бийлигинин чечиминен кийин Кыргызстандын эл аралык аброюна чоң доо кетти деп билдирген:

-Азыр деле Кыргызстандын азыркы бийлигине эл аралык чөйрөдө эч ким ишенбей калды. Анткени булар бирди айтып, экинчини жасап талдама жолго өтүп алды, туруктуу позициясы жок Кыргызстандын аброюна ушундай кадамдар менен президент Бакиев чоң шек келтирди.

Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө “Манас” аба базасы жөнүндө АКШ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу бышып жетилген маселе экенин билдирген. Анын айтымында, 2006-жылы америкалык учак менен Кыргызстандын жарандык учагы кагылышкан, америкалык аскерлер 2002-жылы март айында эки кыргыз кызын коюп кетишкен.

Комиссиянын иликтөөсүнө караганда, учактар кагылышканда кыргызстандык кыйраган учактын зыяны 600 миң долларга бааланган. АКШ келген зыянды толук төлөп бербей, 250 миң доллар гана чектелген.

Ошондой эле кыргызстандык жаран А. Ивановду атып өлтүргөн америкалык аскерди аскердик трибуналдын жообуна тартуу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес. Аскердик база үчүн ижара акысын көбөйтүү жөнүндө Кыргызстан тараптын өтүнүчтөрүн Вашингтон жоопсуз калтырып келатат.

Тышкы иштер министри парламентке берген маалыматка караганда, аскердик базанын ижара акысы үчүн АКШ 2006-жылдан тартып Кыргызстандын мамлекеттик казынасына 17 млн 400 миң доллардан төлөп келатат. Эки жыл мурда кол коюлган протоколдук келишим боюнча АКШ ижара акынын көлөмүн 50 млн долларга жеткирүүгө милдеттенген. Бирок иш жүзүндө аны аткарган эмес.

Пентагон “Манас” аба базасы үчүн 224,61 гектар айыл чарба жерин, Фрунзе токой чарбасынын 114 гектар жерин ижаралап келген. Мындан тышкары “Манас” эл аралык аэропорту учуу тилкесинен 985 миң чарчы метр жери дагы америкалыктарга ижарага берилген.

Президент Курманбек Бакиев соңку сүйлөгөн сөзүндө АКШнын аскер базасынын ижара акысын көбөйтүү жөнүндө маселеде Бишкек менен Вашингтон тил табыша албай калганын билдирген. Соңку үч жылда бул маселени АКШнын мамлекеттик катчысы менен коргоо министринин алдына бир нече жолу койгонун, бирок алар ижара акысын көбөйтүү жөнүндө берген убадаларын аткарбай койгонун баса белгилеген.

"Мен Буш менен гана жолуккан жокмун, бирок Кондолиза Райска, мурдагы коргоо министри Гейтске, мага жолукканы келген сенаторлордун баарына айтып келдим. "Урматтуу мырзалар, макулдашуунун шарттарын карап чыгалы, мезгил башка, баалар башка, Кыргызстан экономикалык кыйынчылыкты тартып жатат, түшүнгүлө" деп. ...Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Мирослав Ниязов турганда да ал макулдашуу протоколун түзүп жатып америкалыктар бир жылда 150 млн долларга чыгат деп айткан. Бул да аткарылган жок,"- деген К.Бакиев 11-февралда маалымат жыйынында.

АКШ баштаган эл аралык антитеррордук күчтөрдүн аскердик базасы Ооганстандагы террордук күчтөргө каршы “Урагыс эркиндик” согуштук операциясын ишке ашырууга көмөктөш болуу үчүн Кыргызстандын “Манас” аба майданына 2001-жылы декабрда киргизилген. Биринчи жолку келишим боюнча аталган база бир жылдык мөөнөт менен жайгаштырылган. Андан бери сегиз жылга аяк басты.

XS
SM
MD
LG