Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

А.Абдрасулова:Диний негизде камакка алуу массалык түргө айланууда


“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча буга “Хизбут-тахрир” партиясынын мүчөсү деген кине менен Өзгөн, Кара-Суу райондорундагы камакка алуулар күбө. Милиция тургундардын үйүн тинтип, партиянын баракчалары табылды деген кине менен камакка алып, Кылмыш жаза кодексинин мурдагыдай 299-беренеси боюнча айып такпастан, 295-беренесинин 1-бөлүкчөсү менен айып тага баштады деген Абдрасулова тартип коргоо органдарынын мындай аракетин адам укуктарын бузуу, диний көз карашы үчүн массалык куугунтуктоо жана коркутуу деп баалады. Ал эми Ички иштер министринин басма сөз катчсысы Бакыт Сейитов Абдрасулованын мындай билдирүүсүнө негиз жок деп, четке какты. Анын айтымында милиция өлкөдө тыюу салынган партиянын мүчөсүнүн мыйзамдан чыккан аракеттерин көрсөткөн далилдердин негизинде гана камакка алып жатат. Ага жакын арада эле Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарында 300дөн ашуун баракча, 250 тасма жана иш-аракеттери менен мечиттеринин карталарынын алынышы күбө. Бакыт Сейитов мындан тышкары табылган материалдарды эксперттик топ иликтегенден кийин айыпты Улуттук коопсуздук комитети коерун жана камакка алуу чыныгы далилдердин негизинде гана жүргүзүлсүн деп катуу эскертилгендигин кошумчалады.(BD)

XS
SM
MD
LG