Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Жоолукчан аялдардын укугуна арналган тегерек үстөл өтүүдө


КР Акыйкатчысынын демилгеси менен аялдардын дин тутуу эркиндигине, билим берүү жана башка коомдук жайларда жоолукчан жүрүү укугуна арналган тегерек үстөл талкуу өтүүдө. Анда акыркы убактарда жоолук салынып жүргөн мусулман кыздарды мектепке, жогорку окуу жайларга киргизбей, жоолукчан жүрүүгө салынып жаткан тыюунун адам укугуна каршы келери тууралуу сөз болууда. Акыйкатчы институтунун кабарлаганы боюнча жыйынга укук коргоочулар, ЖК депутаттары, адилет министрлигинен, билим берүү жана илим министрлигинен, муфтияттан өкүлдөр жана диний аалымдар чакырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG