Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Асылбек Жээнбеков: Президенттик шайлоо быйыл күзүндө болушу керек


Бул тууралуу ЖК депутаты, социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын пикири боюнча эгер президенттик шайлоо 2010-жылдын күзүнө кала турган болсо, анда азыркы президент Курманбек Бакиев биринчи мөөнөтүндө алты жыл отуруп калат. Ошондуктан, Конституциялык сот буга тактама берип, президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктап берүүгө тийиш, дейт Асылбек Жээнбеков. Социал-демократчы депутат Конституциялык сотко фракциянын эмес, өзүнүн атынан жеке кайрылгандыгын кошумчалады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG